Нарын шаарында Кыргызстандын көз карандысыздык күнүн белгилөөгө даярдыктар башталды. Өкмөттүн облустагы басма сөз кызматы билдиргендей, шаарды тазалоо жана жасалгалоо иштери жүрүүдө. Майрам күнү аскерлер парады, эмгекчилердин жана спортчулардын жөө жүрүшү сыяктуу көптөгөн ири иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Ошондой эле спорт аянтында баскетбол, волейбол, аркан тартмай, күрөш жана башка улуттук оюндар боюнча мелдештер болуп, иш-чара чоң программадагы майрамдык концерт менен жыйынтыкталат.