Эрдикпи же оор кылмышпы? Орусияда бачабазды өлтүрө сабаган адамдын тагдыры талкууланууда

Уфа шаарынын 33 жаштагы жашоочусу Владимир Санкин аттуу адамдын тагдыры талкууланууда. Ал 53 жаштагы Владимир Зайцевди өлтүрдү деп укук коргоочулар тарабынан кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып жатышат.

Анда жазылгандай, окуя 30-январда түнү болгон. Ошол күнү 2 өспүрүм карда ойноп, үшүп кеткенде ошол жердеги үйлөрдүн бирине кирип, подъезддеги батареяга колдорун жылытып жатышкан. Бул учурда батирлердин биринин эшиги ачылып, анын кожоюну балдарды үйгө кирүүгө чакырган. Балдар ойлонбой туруп батирге кирип барышкан. Балдардын бири ал киши эшигин ичинен бекитип алып, адегенде өзү шымын чечип, андан соң балдарды да чечинүүгө мажбурлаганын айтып берген.

"Анын колунда балта жок болчу, бирок чечинбесек балталап сала тургандыгын айтты. Ошол учурда досум батирден качып кетүүгө үлгүрдү. Мен ал адам менен алышып жаттым, мени бөлмөсүнө алып кирүү үчүн сүйрөп жатты", - деген жабырлануучу.

Бул учурда сыртка качып чыккан өспүрүм алдынан чыккан адамга окуя тууралуу айтып, жардам сураган. Ал Владимир Санкин болчу, окуя тууралуу уккандан кийин жардам сураган бала менен ал көрсөткөн батирге келген. Ал жерден өспүрүмдү куткарып, сыртка алып чыгып кеткен.

"Ал биздин артыбыздан короого чыгып келди. Ооба, мен ага "бачабазсыңбы, эмнеге балдарды бөлмөңдө кармайсың?" деп катуу сүйлөдүм. Бул учурда ал мени уруп жиберди, колума таяк тийип мен да аны сабадым. Бирок өлүп калат деп ойлогон эмесмин", - деген Санкин.

Учурда орусиялык маалымат каражаттары ага карата "адамдын ден соолугуна кесепети өлүмгө түрткөн оор залал келтирүү" беренеси менен иш козголгонун жазышууда. "Ал 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деп жазылат анда. Айрым маалыматтарда ал тергөө бүткөнгө чейин үй камагына чыгарылгандыгы жазылган. Бирок бул аны жоопкерчиликтен куткарбастыгы белгиленет.

Кийин белгилүү болгондой, каза болгон Владимир Зайцев буга чейин 3 жолу соттолгон. Анда "окшош жыныстуу адамды сексуалдык катышка тартуу", "жашы жете элек өспүрүмдү сексуалдык бузукулукка түртүү" жана "жашы жете элек баланы зордуктоо" фактылары менен камалган. Акыркы жолу ал 11 жыл түрмөдө отуруп, өткөн жылы эркиндикке чыккан.

Учурда көпчүлүк Владимир Санкинди колдоп, сот ага карата чечим кабыл алууда бул жагдайларды эске алыш керек дешүүдө. "Ал балдарды коргоду" деген пикирин жазгандар көп. Бирок дагы бир басылма окуянын башка версиясын жазууда. Ага ылайык, өспүрүмдөр каза болгон адамдын үйүндө ал менен чогуу спирттик ичимдик ичишкен, ал киши балдарга шымыңарды чечип, мага көрсөткүлө дегенде макул болбой батиринен чыгып кетишкен.

"Андан кийин жолдо бара жатып Санкинди жолуктуруп, окуяны айтып беришкен. Санкин анын үйүнө барып, Зайцевди үйүнөн алып чыгып сабаган. Мындан тышкары, каза болгон адамдын чөнтөгүндөгү 1 миң 500 рублун алып, 500 рублды балдарга берген. Мурда экөө бөтөлкөлөш болушкан, эгерде бул версия аныкталса ага козголгон кылмыш иши "адам өлтүрүү" беренесине өзгөртүлөт", - деп жазылат анда.

Учурда Владимир Санкинди колдогон петицияга кол койгондордун саны 30 миңден ашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aikaaaa
2020-02-12 21:09:07
Зордуктоо менен отургандарды түрмөдөн эле жайлап салышат дешчү эмес беле, бул киши үч жолу тең ошондой менен отурган экен, дагыле көңүлү калбаптыр да, оорукчан окшойт да
+2
Isikkolumkeremet
2020-02-13 10:51:20
Ачыктан ачык ушундай кылмыш кылган адамды омур бою кессе кана.тиги жигитти да аралашпай калат эле.ал жок болсо балким не кылат эле..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан