Декларация: Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиевдин жылдык кирешеси 400 миң сом
Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев 2012-жылы 401 087 сом киреше тааптыр. Анын 165 чарчы метр аянтты ээлеген үйү, 53 чарчы метр жерди ээлеген батири, аянты көрсөтүлбөгөн дагы бир үйү жана жер тилкеси бар. Осмоналиев тапшырган декларациясында 1997-жылы чыгарылган Хонда СRV унаасына ээлик кыларын билдирди. Анын жакындары былтыр 50 000 сом киреше табышкан, башка мүлктөрү тууралуу маалымат берилген жок.