Германияда жүк ташуучулар канадалык пианисттин дүйнөдөгү жалгыз 4 педалдуу (бут менен баскыч рычаг) 194 миң долларлык фортепианосун сындырып алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү пианист Анжела Хьюитт Берлинде Бетховендин чыгармаларынын жаңы вариациясын жаздырып жүргөн чакта кымбат баалуу фортепианосунан кол жууду.
"Менин Берлинде жаздырган музыкам көңүлдөгүдөй чыгып, продюсерим менен бактылуу болуп отурсак жүк ташуучулар кымбат баалуу фортепианомду кулатып алышканын айтышты", - деп Хьюитт социалдык баракчасына жазып чыккан.
Эске салсак, Анжела 2003-жылдан бери Лондондо жашап, концерттик программаларын аталган инструментте гана ойноп келген. F278 Fazioli үлгүсүндөгү фортепиано дүйнөдөгү жалгыз 4 педалдуу концерттик инструмент деп эсептелинип, 194 миң долларга бааланган. Fazioli компаниясы колго жасалган инструменттин абалын текшерип чыгып, кайра оңдоп чыгууга жарабай калганын билдиришкен.