Япониянын тургуну дүйнө жүзүндөгү эң кары адам катары "Гиннесстин рекорддор" китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Титэцу Ватанабэ учурда 112 жашта. Ал 1907-жылы 5-мартта дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 20 жашында Тайванга барып 18 жыл жашаган. Кийин мекени болгон Японияга кайтып келген. Учурда Ватанабэ карылар үйүндө жашайт, ага дүйнөдөгү эң кары адам экендигин тастыктаган күбөлүк тапшырылды.
Буга чейин дүйнөдөгү эң кары адам катары ушул эле Япониянын тургуну Масадзо Нонака эсептелип келген. Ал 2019-жылдын 20-январында 113 жашында каза болгон.