Кара-Көл шаарында Кара-Суу дарыясына автоунаа кулап, 5 адам каза болду

21-августта саат 21:00 чамасында Кара-Көл шаарында автокырсык болду. Тойота унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, шаардагы көпүрөлөрдүн биринен Кара-Суу дарыясына түшүп кетти. Окуянын күбөсүнүн айтымында, сууга кулаган унаадан бир аял аман калып, 3 баласы жана 2 иниси каза тапты. Балдарынын эң кичинеси 2 жашта болгон. Такталбаган маалыматтарга таянсак, унаадан чыга албай калгандардын бири сууга агып кетти. Учурда издөө жүрүп жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shai
2013-08-22 09:50:53
Тооба кылдым. Кудай сактай кор. Ушундай жаман кабарларды укканда машинамды сатып жоо жургум келип кетет. Маркумдардын жайы жанната болсун эми.
0
gitaristka_2013
2013-08-22 10:17:20
Эмне кырсыктар кобойуп жатат
0
omurbek9393
2013-08-22 21:58:40
gitaristka_2013, Айтпа аябай кобойуп кетти.
0
Beka_89_kg
2013-08-22 23:52:55
Журогум канап кетти 2 жаштагы балага жалко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан