Белгилүү футбол калысы Бахадыр Кочкаров Кыргыз футбол федерациясына калыстардын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Футбол федерациясынын сайтына жарыяланды.
Бахадыр Кочкаров өзүнүн калыстык карьерасын 1997-жылдан баштаган. Ал футбол боюнча Дүйнө чемпиондуктарында, Европадагы эң беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасында жана Азия чемпионаттарында калыстык милдетин аткарып келген.