Корей актрисасы Го Су Юң 24 жашында каза болду. Бул тууралуу түштүк кореялык басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, актриса болгону 24 жашта болгон. Ал көптөн бери ооруп жүргөн, бирок кандай дарт экендиги ачыкталган эмес. "Го Су Юң бул дүйнө менен кош айтышты. Ал асмандагы бир жарк этип жанган жылдыз сымал жок болду", - деп жазылган.
Го Су Юң 1995-жылы 24-апрелде төрөлгөн. Ал 2016-жылы чыккан "Гоблин" фантастикалык сериалындагы ролу жана "Соломондун жалган көрсөтмөсү" ("Лжесвидетельство Соломона") триллери менен таанылган.
Мындан сырткары, актриса "BTS" тобунун "With Seou" ырынын клибине тартылган.