11-февралда АКШнын Сан-Франциско шаарында Самсунг компаниясынын Galaxy S линиясындагы жаңы смартфондорунун бет ачары жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда компания өркүндөтүлгөн технология менен жасалган S20, S20+, жана Galaxy S20 Ultra деген үч моделди сунуш кылганы айтылат.
"Жаңы моделдер дизайны жана камераларынын сапаты менен айырмаланат. Алсак, Galaxy S20 жана S20+ моделдеринин 64 мегапикселдүү камерасы болсо, Galaxy S20 Ultra үлгүсүндөгү моделдин камерасы 108 мегапикселди түзөт. Ал эми селфи камералары 10 мегапикселге чейин жакшыртылды. Үч смартфон тең Infinity-O дисплейине ээ болушту. Бул смартфондун дисплейинин үстүндө фронталдык камера жайгашканын билдирет. Жаңы моделдердин кадрдык жыштыгы 120 Герц, ал эми экрандарынын диагоналдары S20 үлгүсүнүкү - 6,2 дюйм (жыйырма үч миллиметрге барабар узундук өлчөөсү), S20+ үлгүсүнүкү - 6,7 дюйм жана Galaxy S20 Ultraныкы 6,9 дюйм. Оперативдик эс-тутуму 16 гигабайтка чейин, смартфонго орнотулган флешкасынын базалык эс-тутуму 128 гигабайтты түзөт. Смартфондорду зымсыз кубаттаса да болот", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, өндүрүүчүлөр бул моделдер сууда жана кумда бузулбай иштей аларын белгилешет. Смартфондор 2020-жылдын март айынан баштап сатыкка чыга баштайт.