Бишкекте өтө турган хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна ыктыярчылар керек

Бишкек шаарында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан хоккей боюнча төртүнчү дивизионунун Дүйнө чемпиондугуна ыктыярчылар керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бул чемпиондук 3-5-март күндөрү өтөт. Турнирге Филиппин, Кувейт, Малайзия жана Кыргыз өлкөсү катышат.

Ыктыярчылар Кыргыз жараны болуп, жашы 18 жаштан жогору болушу керек. Ошондой эле кыргыз, орус, англис тилинде эркин сүйлөшү керек.

Катышууну каалагандар iniyatov@mail.ru. электрондук дарегине билдирме жөнөтсөңүздөр болот. Толук маалыматты (0312 32-52-18) номерине чалып алсаңыздар болот.

Билдирүүлөр 20-февраль саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан