ӨКМ: Кара-Көлдөгү автокырсыктан каза болгондордун аты-жөнү такталды

21-августта Кара-Көл шаарында болгон жол кырсыгынан 7 адам каза болуп, 1 адам жабыркады. 

Жабырлануучу Диларам Юсуржанова 36 жашта. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну. Ал Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилди.

Каза болгондор:

1. Вадиат Батиков, 63 жашта. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну

2. Алтынай Руспиева , 42 жашта. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну

3. Насипа Юсупжанова, 12 жашта. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну

4. Элдияр Отобеков, 7 жашта. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну

5. Айдар Миташов, 5 жашта. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну 

6. Мээрим Миташова, 3 жашта.  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну 

7. Махмут Артыкбаев, 36 жашта. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну, унаанын айдоочусу. 

  

Автокырсык саат 22:00 чамасында болуп, Ош-Бишкек унаа жолунун 373-чакырымында Хонда унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып Кара-Суу дарыясына түшүп кеткени белгилүү болду. Каза болгондордон 4 адам милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Кырсык болгон жерге ӨКМдан 10 куткаруучу барып, унаадагыларды суудан чыгарышкан. Крандын жардамы менен унааны дарыядан чыгаруу учурунда ичинде калган 2 жаш баланын жана 1 аял кишинин сөөгү сууга агып кеткен. Караңгы кирип кеткендиктен сууга агып кеткен адамдарды издөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 22-августта таңкы саат 05:00дө ӨКМнын 20 куткаруучусу тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп баштады, бирок табыла элек. Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы кошумча маалыматтар бериле турганын билдирди. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gooool
2013-08-22 13:34:10
Жаткан жайлары жаннаттан болсун,булда болсо Он рульду авто болсо керек,ушундай машинелер тажатышты,токтотуш керек он рулду машине менен адам ташыганды!!!
0
tynara81
2013-08-23 00:18:18
Копчулугу эле жаш балдар го, байкуштар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан