Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын футболчусу Айзар Акматов беларустук "Смолевичи" клубунун кароосунда жүрөт. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталы "Смолевичи" клубуна байланышып тактады.
"Акматов бизде кароодо жүргөндүгү чын. Ал командага кошулуп, машыгууларды өткөрүп жатат. Биз келишимге кол коюлмайынча эч нерсе айта албайбыз", - деп билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Смолевичи" клубу беларустун Жогорку Лигасына быйылкы сезондо кошулду. 12-февралда Айзар Акматов жолдоштук беттеште "Неман" клубуна каршы оюнга чыкты.