Англия Премьер Лигасында эң көп маяна алган футболчулар аталды

АПЛда (Англия Премьер Лигасы) эң көп маяна алган футболчулардын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу "Spotrac" порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, АПЛда эң көп маянаны "Манчестер-Юнайтед" клубунун дарбазачысы испаниялык Давид де Хеа алат. Бул дарбазачы жылына 23 миллион евро маяна алып, тизменин сап башына жайгашкан. Экинчи орунда "Манчестер-Сити" клубунун жарым коргоочусу, бельгиялык Кевин Де Брёйне жайгашса, үчүнчү орунга ушул эле клубдун чабуулчусу англиялык Рахим Стерлинг жайгашкан.

АПЛда жылына эң көп маяна алган футболчулар:

1. Давид де Хеа ("Манчестер-Юнайтед") - 23 миллион евро

2. Кевин Де Брёйне ( "Манчестер-Сити") - 19 миллион 700 миң евро

3. Рахим Стерлинг ( "Манчестер-Сити") - 18 миллион 500 миң евро

4. Поль Погба ("Манчестер-Юнайтед") - 17 миллион 800 миң евро

5. Месут Озил ("Арсенал") - 16 миллион 500 миң евро

6. Антони Марсьяль ("Манчестер-Юнайтед") - 15 миллион 300 миң евро

7. Серхио Агуэро ( "Манчестер-Сити") - 14 миллион 100 миң евро

8. Гарри Кейн ("Тоттенхэм"), Мохаммед Салах ("Ливерпуль"), Маркус Рэшфорд ("Манчестер-Юнайтед"), Танги Ндомбеле ("Тоттенхэм") - 12 миллион 300 миң евро

9. Александр Лаказетт ("Арсенал") - 11 миллион 100 миң евро

10. Роберто Фирмино ("Ливерпуль") - 11 миллион евро

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kattaldym
2020-02-13 18:20:18
АПЛде, АПЛде эле дейсиңер, АПЛда болот.
0
KAYRATBEK
2020-02-13 19:21:09
ЛИВЕРПУЛЬ. ЛИВЕРПУЛЬ. ЛИВЕРПУЛЬ.
0
murat17
2020-02-14 18:15:57
Озил менен Де Хеа тан калтырды
0
Maks_shop
2020-02-15 17:52:39
Озил капец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан