Кыргыз футбол федерациясы "Кыргыз футбол союзу" болуп өзгөрдү

Кыргыз футбол федерациясы "Кыргыз футбол союзу" болуп өзгөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы” коомдук бирикмеси 2020-жылдын 1-январынан тарта жаңы юридикалык жак – “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмесине өткөндүгүн билдирет. Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын” 2019-жылдын 14-ноябрында өткөн кезексиз конференциясында 39 делегаттын макулдугу менен кабыл алынган.

Конференциянын жыйынтыгында 2020-жылдын 1-январынан тарта “Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы” коомдук бирикмесине тиешелүү спорттук жана башка укук, милдеттенмелерди Эл аралык футбол ассоциациялардын федерациясы (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) мүчөсү катары “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмесине өткөрүлүп берилсин деген токтом кабыл алынган.

“Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмеси Эл аралык футбол ассоциациялардын федерациясы (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүгө жооптуу жалгыз спорттук уюм катары толук укуктуу мүчөсү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан