Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы британиялык беделдүү кинофестивалда көрсөтүлмөкчү. Фестиваль тууралуу режиссёр SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Жөө күлүк" тасмасы Улуу Британиянын алдыңкы эл аралык кинофестивалдарынын биринде көрсөтүлмөкчү. 16-эл аралык кинофестиваль Шотландиянын Глазго шаарында өтүп, тасмабыз «Pioneer» программасынын алкагында көрсөтүлөт. Аталган категорияда Италия, Бельгия, Дания, Чехия, Испания, АКШ, Франция, Польша, Германия жана башка өлкөлөрдөн 38 тасма элге тартууланат. "Жөө күлүк" тасмасы фестивалда 5-6-март күндөрү презентацияланат", - деп билдирди режиссёр.