21-августта Кыргызстан боюнча 10 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 13 бөлүм тартылды. Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 3 өрт кырсыктары орун алды. Бишкек шаарынын аймагында өрт кырсыгы катталган жок. ӨКМнын басма сөз кызматынын билдиришинче, өрттүн кесепетинен 1 адам каза болду.