Валерий Кичиндин "Динамо Минск" командасынан эмне себептен кеткени айтылды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичиндин "Динамо Минск" командасынан эмне себептен кеткенин башкы машыктыруучу Сергей Гуренко клубдун расмий сайтына маек берип жатып билдирген.

"Менин Кичинге былтыркы сезондогу оюну тууралуу суроолорум бар болчу. Биз аны менен чогуу отуруп сүйлөштүк. Кичин бизге жакшы оюн көрсөтөрүн айткан. Биз "Витебск" командасына каршы Кичинге ойноого мүмкүнчүлүк бердик. Бирок ал башка футболчулардай эле оюн көргөздү. Ага башка клубдан жакшы сунуш түшкөнү көрүнүп турат. Кичин өзү коё берүүбүздү суранды. Биз ага макул болдук. Кичин биздин клуб үчүн арзан футболчу эмес", - деп билдирген башкы машыктыруучу.

Эске салсак, Валерий Кичин "Динамо Минск" командасына 2019-жылдын июль айында кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn2017
2020-02-13 22:16:32
Кичин мыкты коргоочу.
+1
Ali-han
2020-02-14 05:39:59
Фк Торпедо москва менен келишим тузуптур! Ийгилик Валера.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан