Казакстандын Масанчи айылында бир адамдын күйүп кеткен сөөгү табылды

Кордай районунун Масанчи айылындагы соода борборунда күйүп кеткен адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Жамбыл облусунун акиминин кеңешчиси Канат Кулшманов социалдык баракчасына жазып чыкты.

"11-февраль күнү саат 12:07де Жамбыл облустук полиция департаментинин нөөмөт бөлүмүнө Кордай районундагы Масанчи айылынын соода борборун (өрттөн кийин кулаган чатырлар бар) тазалоо учурунда күйүп кеткен адамдын сөөгү табылган. Каза болгон адамдын өздүгүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдирген аким кеңешчиси.

Эске салсак, 7-февраль күнү Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунун Масанчи айылында тургундар ортосунда мушташ чыгып, 11 адам каза болуп, 40тан ашык адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан