Нурсултан Назарбаевдин небереси эмес, уулумун деген Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан саясий баш паанек сурады

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин уулумун деген Айсултан Назарбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына Улуу Британиядан баш паанек сураарын жазып чыкты.

"Учурда мага үй-бүлөм колдон келишинче басым кылганга аракет кылып жатышат. Ошондуктан мен маанилүү чечимге келдим. Мен Улуу Британиядан саясий баш паанек сурайм", - деп жазган Айсултан.

Ошондой эле ал билдирүүсүндө Казакстандагы коррупциялык схемалар тууралуу айтып өткөн. Апасы Дарига Назарбаева мурунку кайнатасы Кайрат Боромбаевге карата көп интригаларды уюштуруп, ошонун айынан жубайы менен ажырашып кеткенин кошумчалаган. "2017-жылы мен Нурсултан Назарбаевге баңги затына көз карандылыгымды дарылоо үчүн жардам сурап кайрылдым. Биринчи жолу Москвага барып 3 ай дарыландым. Казакстанга келгенде апам мени баңги зат колдоносуң деп опузалап баштады. Мени социалдык баракчага бийлик тууралуу эч нерсе жазба деп зордоду. Мен үчүн чындык, адилеттүүлүк маанилүү, андыктан чындыкты жаздым. Ошондон кийин ал мага Нурсултан Назарбаевди каршы колдонуп баштады", - деп жазган Айсултан Назарбаев.

Эске салсак, буга чейин Айсултан Нурсултан Назарбаев анын таятасы эмес, биологиялык атасы экенин айтып чыккан.

Казак министри Айсултан Назарбаевдин посттору боюнча комментарий берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nurbany
2020-02-13 23:45:07
Оздон чыккан жат жаман
+12
Aimani
2020-02-14 00:16:30
Акчага кутурган баарысы. Апасы, таятасы ж. б. уй бүлөсу менен
+9
Hadyja
2020-02-14 00:27:44
Жээн небере болсо,эмнеге Назарбаевтин фамилиясында журот.Балким,чын эле баласыдыр
+11
nurda00
2020-02-14 06:41:09
Биологический атасы болсо анда эмне Назарбаев оз кызын бозутуп койгон болобу? Тоба
+1
gitaris93
2020-02-14 09:01:49
nurda00,Оа ошондой атасынан тууган окшойт
-1
bazar
2020-02-14 10:46:36
nurda00,чындыгы да болушу мүмкүн. Дарига өз кызы эмес Сааранын ээрчитип келген кызы дешет
+2
sirenaaaaa
2020-02-14 20:07:59
nurda00,жок, баласы туулганда кызынын баласы кылып коомчулука жар салган сыяктуу
+1
Alia82
2020-02-14 10:36:01
Наркомандын созуно мен ишенбедим, Назарбаев бозутам десе толтура красавицалар, просто бул бала наркотиктин таасиринен мээси айнып калган окшойт
+7
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-14 20:06:50
Окунучтуу! Зыңкыйып майлуу бир креслону ээлей турган мүмкүнчүлүктү пайдалана албай безип жүрөт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан