Антарктиканын тарыхында биринчи жолу абанын температурасы 20 градуска көтөрүлдү. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы жазды.
Анда айтылгандай, Бразилиянын окумуштуулары Антарктикада биринчи жолу абанын температурасы 20 градуска көтөрүлгөнүн билдиришкен. Мындай көрүнүш Сеймур аралында орун алган. Окумуштуулар бул жагдайды "укмуштуу жана чектен ашуу" деп баалашкан.
Буга чейин мындай жагдай 1982-жылы январь айында Сигню аралында катталган. Анда абанын температурасы 19,8 градуска жылыган.
6-февралда Антарктиканын жарым аралында абанын температурасы 18,3 градус цельсия болуп, тарыхый рекорд деп таанылган. Андан көп өтпөй рекорд жаңыланып олтурат. Бирок бул маалымат Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм тарабынан тастыктала элек.
Антарктикадагы абанын температурасынын көтөрүлүшү муз топтомдорунун эрүүсүнө алып келет. Бул жерде дүйнөдөгү суунун 60 пайыз запасы муз жана кар түрүндө жайгашкан.