Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматовдун иши каралат

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттанууларын кароо уланат.

Отурум баштала элек.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2016-жылдан 2018-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган.

Ал эми 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр кызматын аркалаган Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталган.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук сотунун чечими менен Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
chake
2020-02-14 11:15:59
90 сомдук көчөттү 9000 ге алган Албекте бет деле жок экен
-7
Absamat-90
2020-02-14 11:16:32
Булар мэр болуп, бажынын башчысы болуп жургондо ашып кетсе 16-18 мин айлык менен мынча байлыкты кайдан чогулткан?
-8
Alimbek1000
2020-02-14 11:18:52
Экөөсү тең ууру, экөөсү тең жемкор! Бири гектарлаган жерлерди басып алса дагы бири миллиондорду чөнтөгүнө кымырып алган.
-6
talaa11
2020-02-14 11:58:18
Бул экоону сот залына кечке ташый берипделе бир топ эле каражат кетти мынтип созуп журо бербей нары камаса жакшы болмок 20-жылга
-7
zhaku2017
2020-02-14 12:06:53
Элибизди азыркы бийлик сызга олтургузуп жатат. Сооронбай Жээнбековтон умут жок.
+12
Jaznura
2020-02-14 12:10:30
zhaku2017,Сенден үмүт жок
-2
Jaznura
2020-02-14 12:10:52
Албекти ташый бербей түрмөдө эле калтыргыла.
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан