Дональд Трамп "Талибан" радикал тобу тынчтык келишимине жетишүүнү көздөп жатканын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп "Талибан" кыймылы менен тынчтык келишимине жетишүүгө "аз калганын" билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Дональд Трамптын айтымында, талибдердин өкүлдөрү да макулдашууга даяр болуп калды.

"Акыркы күндөрү Ооганстандагы "Талибан" радикал тобу менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө АКШ "кыйла ийгиликке жетишкенин" бейшемби күнү мамлекеттик катчы Майк Помпео да билдирген. Ал Дональд Трамп 2001-жылдан бери уланып келаткан жаңжалды тынчтык жолу менен токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын айткан.

13-февралда "Талибан" Ооганстандагы зордук-зомбулукту жети күнгө токтото турууну көздөгөн сунуш боюнча сүйлөшүү өткөрүшкөнү белгилүү болгон.

"Талибандын" өкүлү жума күндөн тарта согуштук операциялардын санын азайтууну баштай тургандыгын ырастап, бирок ок атууну толук токтотуу тууралуу кеп жок экенин билдирген.

"Талибандын" күчтөрү Ооганстандагы аймактардын бир бөлүгүн көзөмөлдөйт. Акыркы мезгилдерде алар өзүлөрү да "Ислам мамлекети" террордук тобунун кол салуусуна кабылган учурлар катталууда. Трамп тынчтык келишимине жетишүү датасын так айткан жок, бирок ал айдын аягына чейин белгилүү болушу керектигин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, "Талибан" кыймылы1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстандын аймагын толугу менен көзөмөлдөгөн. 11-сентябрдагы теракттардан соң алар АКШга Усама Бен Ладенди өткөрүп берүүдөн баш тарткандан кийин Кошмо Штаттар менен коалиция биргеликте Ооганстандын өкмөтүнө Кабулду жана бир нече аймакты алууга жардам берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2020-02-14 23:06:04
Талибан - бул террордук экстримистик динчил уюм. Буга окшогон исламдашкан, диний идеялогияга негизделген уюмдарды мамлекттик бийлике жолотпош керек. Буларды ээрчигендер орто кылымдын тушунугун алдыга суроп, аялдардын укуктарына шек келтирген шарияттарды тануулап башташат.
-1
ZUXRIDDIN20
2020-02-16 06:52:15
Ошол Трампка айтыптырбы Талибандын жетекчиси.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан