Бишкекте 10-14-февраль күндөрү футзал боюнча кыздар арасындагы (U16) өлкө чемпиондугу болуп өттү. Бул турнир "VIVAT" спорткомплексинде өтүп, жалпы 7 команда катышты.
Финалдык беттеш бүгүн, 14-февралда өтүп “Азалия-СДЮШОР СИ" (Бишкек) командасы финалда “Беловодск” (Чүй) командасын 6:0 эсебинде жеңип, чемпион аталды.
Үчүнчү орун үчүн беттеште “Таш-Көмүр” (Жалал-Абад) командасы “Ысык-Көл” (Ысык-Көл) командасын 6:2 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.
Бул турнир жыйынтыгы менен мыкты оюн көргөзгөн оюнчулар аныкталып, мактоо баракчалары тапшырылды.
Мыкты дарбазачы: Маслякова София “Беловодск” командасы;
Мыкты коргоочу: Ибашева Каныкей “Таш-Көмүр” командасы;
Мыкты оюнчу: Рысбекова Медина “Ысык-Көл” ккомандасы;
Мыкты бомбардир: Каратаева Аяна “Азалия-СДЮШОР СИ" (14 гол)