Курсан Асановдун иши. Жеңиш Разаков алдын ала соттук угууга келди

Бүгүн, 14-февралда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды.

Бул отурумга судья Адылбек Эсенбаев жетекчилик кылып, жабык режимде өтүп жатат.

Алдын ала угууга келгендердин арасында мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дагы бар. Ал "Чындык" басылмасынын редактору Турсунбек Бейшенбековго карата арыз жазган.

Жеңиш Разаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал кызматтан үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кеткенин билдирди. Ошондой эле ал Тажикстандын агенти болуп иштеп келген деген маалыматтар боюнча төмөнкүчө жооп берди.

"2014-жылы интернетте мени Тажикстанга агент болуп иштейт деген маалыматтар тарады. Ошол эле маалымат 2016-жылы мен вице-премьер-министр болгондо кайрадан көтөрүлдү. Бирок мага бул маалыматтарга көп деле көңүл бурба деген кеңештер айтылды. Ал эми 2019-жылдын март айында Баткен облусунда болгон жаңжалда кайрадан мени Тажикстандын агенти деген маалымат чыга баштады. Мындан улам менин жакындарым сотко кайрылууну өтүнүштү. Ошондой эле "Азия Ньюс" гезитинин редактору Асланбек Сартбаев өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, мени Тажикстандын агенти деген маалыматын айтып чыкты. Мындан улам мен укук коргоо органдарына кайрылууну туура көрдүм", - деди Разаков.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alimbek1000
2020-02-14 18:46:06
Разаковго кара пиар болуп жатат эле го фейсбуктан толтура охрана менен келиптир дешип.
+1
chake
2020-02-14 18:47:37
оозу кыйшык болсо да журналистер сүйлөсүн деген заман болуп жатат ага чаап кетти биздин чала сабат журналистер эми сотто агент болсо тастыктап берсин
0
Jaznura
2020-02-14 18:51:54
Курсан Асановдун пакетгейти мына эми ачыкка чыгат.
0
Mirlan27011987
2020-02-14 19:00:17
Сот адилеттуулугунун баркын кетирип жаткандар- Сокенин бийлигине коз каранды соттор.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан