Бүгүн, 14-февралда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды. Сотко жабырлануучу катары келген мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Курсан Асанов экөөнүн ортосунда эч кандай тиреш жок экенин айтты.
"Курсан Сатарович менен эч качан карама-каршылык, тиреш да болгон эмес. Иш жана акча боюнча дагы мамилебиз болгон эмес. Анын позициясын түшүндүрүп берүү мага оор, андан көрө өзүнөн сурасаңар. Мен дагы ушул суроого жооп уккум келет", - деди ал.