Соттук системди көзөмөлдөө боюнча Жарандык кеңештин активисттери Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлктөрүн каттоо системиндеги 1 батирди 8 адамга сатуу фактысын ачыктады. Кеңештин координатору Рита Карасартованын айтымында, бул алдамчылык фактысы боюнча бир гана жаран жазаланып, мамлекеттик түзүмдүн кызматкерлери жазасыз калууда. “Мамлекеттик каттоонун мурдагы башчысы мага 1 батирин мындан 7 жыл мурун саткан. Бардык документтерге кол коюлган, мөөр басылган. Документтердин түп нускалары бар. Кагаздарга Мамкаттоо кызматынын бир канча жооптуу өкүлдөрү кол койгону менен бир гана жетекчинин орун басары айыпталууда”,- дейт жабырлануучу Александр Сашенко. Алар бир нече жылдан бери соттошуп келе жатышыптыр. Карасартованын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын кардарларынын эч кимиси сатып алган батири тууралуу маалыматтар каттоо кызматынын системине киргендигине кепилдик бере алышпайт. Эгер киргизилбеген болсо, анда кардарлар кыймылсыз мүлккө ээ боло алышпайт.