Улуу Британиянын Тонтон шаарында небересин колдоого келген чоң энеге кокусунан башына топ тийип, каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 12-январда 69 жаштагы Женнифер Селвуддун небереси өспүрүмдөр арасындагы регби оюну боюнча мелдешке катышып жаткан. Ал атайын оюнду көрүп, небересине колдоо көрсөтүү максатында оюнга келген.
"Женнифер Селвуд кетүүгө даярданып жаткан. Бирок аны дагы беш мүнөткө отура турууну суранышкан. Бир убакта ойноп жаткан оюнчу топту тепкенде кокусунан айымдын башына тийген. Ал ошол жерден жыгылып, жанындагылар "Тез жардам" чакыртышкан. Аны шаардык ооруканага алып барышканда абалы оор экенин айтышып, мындан улам аны Бристоль шаарындагы ооруканага которушкан. Ал аталган бейтапканада эки апта комада жатып, 25-январда каза болгон. Анын артында жолдошу, эки баласы жана 4 небереси калды", - деп жазылат чет элдик басылмаларда.