Казакстандын "Иртыш" командасында ойногон футболчу Андрей Хрипков Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн. Акыркы күндөрү массалык маалымат каражаттарында анын Улуттук курама командага чакырылуусу боюнча катуу талкуу болууда.
Мындам улам улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жооп берди. "Ооба, Андрей Хрипков Кыргыз өлкөсүндө туулган. Биз ага улуттук курама командада ойноосу боюнча байланыштык. Тилекке каршы, ал мындай сунушка кызыкдар да эмес болуп чыкты", - деди Крестинин.