Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков 50 жашка толду

Бүгүн, 15-февраль күнү Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков 50 жаш курак юбилейин белгилеп жатат. Машыктыруучуну юбилейи менен биринчилерден болуп Айсулуу Тыныбекова баш болгон кыргыз кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү куттукташты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Машыктыруучунун туулган күнү Ысык-Көлдө шакирттери менен окуу-машыгууда жүргөн учурга туш келди. Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда 2020-жылдын 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында (Индия) өтүүчү Азия чемпиондугуна даярдык көрүп жаткан учуру.

«Кыргыз кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Нурбек Изабековго алтын жалатылган Apple Watch саатын белекке беришти», - деди Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев.

СССР спортунун эл аралык чебери жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусун 50 жашы менен Канат Аманкулов жетектеген Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты да куттуктады. «Сиз өлкөнүн негизги курама командасына кирген перспективдүү спортчуларды тарбиялап жатасыз. Айсулуу Тыныбекованын Дүйнө чемпиондугундагы жеңиши сиздин эмгегиңиздин жыйынтыгы», - деп жазылат куттуктоодо.

Кыргыз спортунун тарыхындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча
Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы алтын медалды алып келген учурдан кадр.
Алдыда Тыныбекованы Олимпиада оюндары күтүп турат...


Машыктыруучу тууралуу кыскача маалымат:

Изабеков Нурбек Канатбекович 1970-жылы 15-февралда Талас районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу.
1989-1991-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн;
1992-1996-жылдар аралыгында Кыргыз улуттук университетинде билим алып, экономист кесибине ээ болгон. Ошол эле убакта эркин күрөш менен машыккан;
Эркин күрөш боюнча СССР улуттук курама командасынын мүчөсү болуп жаштар арасында мелдештерде төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтө алган:
1988-жылы жатак спорт мектептер арасында СССРдин чемпиону;
1988-жылы жаштар арасында СССРдин биринчилигинин коло медалынын ээси жана Бүткүл союздук жаштар оюндарынын коло медаль ээси болгон;
1989-жылы жаштар арасында СССРдин биринчилигинин коло медаль ээси;
Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү катары төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтө алган:
1995-жылы Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (Манила шаары, Филиппин);
1999-жылы Азия чемпиондугунун күмүш медаль ээси (Ташкент шаары, Өзбекстан);
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасын 2010-жылдан бери жетектеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-02-15 21:47:16
кучтуу тренер рахмат сизге Кыргызстан учун кызмат кыла бериниз
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан