14-16-февраль күндөрү Орусиянын Новокузнецк шаарында олимпиада чемпиону Валентин Олейниктин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн күрөштүн грек-рим түрү боюнча эл аралык турнирде Кайрат Түгөлбаев алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
77 килограмм салмакта Орусия жана Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 13 балбан бул турнирге катышкан. Кайрат Түгөлбаев финалдык баскычта дагы бир кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен кез келди. Кызыктуу беттештин жыйынтыгы менен Кайрат Түгөлбаев Акжол Махмудовду 6:4 эсебинде жеңип, алтын байгеге ээ болду.