Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан "Манчестер Сити" клубунун Европадагы беделдүү мелдештерден эки жылга четтетилиши боюнча оюн айтты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Мен Европада эртең эмне болуп кетерин билбейм. Бул чечим биздин Чемпиондор Лигасындагы оюнубузга таасирин тийгизбейт деп ойлойм. "Манчестер Сити" бул Европадагы күчтүү жана атаандаштыкты жарата алчу команда", - деп билдирген башкы машыктыруучу.
"Реал Мадрид" менен "Манчестер Сити" Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында ойношот. Алгачкы оюн 27-февралда Мадрид шаарындагы "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өтөт.
Эске салсак, буга чейин Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубу каржы келишимин бузганы үчүн УЕФА тарабынан Европадагы мелдештерден эки жылга четтетилген.