ИИМ: "Тажикстанда 5 кишини атып өлтүргөндөр Кыргызстандын аймагында экендиги тууралуу маалымат жалган"

Тажикстандын укук коргоо органдары Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагында бир үй-бүлөнү өлтүргөндөр Кыргызстандын аймагында качып жүргөндүгү тууралуу билдиришкенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал эми биз бул суроо менен ИИМге байланышканыбызда аталган министрликтин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов бул билдирүү туура эмес экенин айтты. “Бул жөн гана массалык маалымат каражаттарында тарап кеткен кабар. Азыр бизде бул тууралуу так маалымат жок. Ал эми Кыргызстан Тажикстанга кылмыш ишин иликтөөгө толугу менен жардам берүүгө даяр. Учурда 2 тарап биригип иш алып барууда”,- деди Абдраимов.

   

Эске сала кетсек, 19-август түнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы такталбаган жерде белгисиз бирөөлөр 5 кишини атып кетишкен. Тажикстандын Исфара шаарындагы Чоркух аймагындагы талаа станынын кароолчусу Абдукаххор Халоков, анын аялы,  2 небереси жана бир тууганы атылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AZIK01
2013-08-22 11:59:25
Ошон учун чегара кылып тосуп алыш керек,анан кайтарыш керек ал жактарды. Башкалар чек ара менен тосуп алып кайтарышат.
0
gitaristka_2013
2013-08-22 12:17:08
Туштук жактагы чек араларды катуу козомолдош керек
+1
tynara81
2013-08-23 00:13:19
Кайсы мыкаачы кылды дейм да, ал байкуш кароолчу кимдин куйругун жаза басты экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан