Луис Мирамонтес Суарес: "Барселона" бул сезондо бир да кубок утпайт"

"Барселона" футболдук клубунун мурунку жарым коргоочусу испаниялык Луис Мирамонтес Суарес клуб бул сезондо эч нерсе утпай тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал испаниялык "Sport.es" журналына маек берип жатып билдирген.

"Бул командадагы оюнчулар ойлонушпайт жана чуркагылары келбейт. Буларда жүрөк дагы, агрессия дагы жок. Болгону бир гана оюнчуда мунун баары бар. Мен бул үчүн абдан капамын. Мындай көрсөткүчү менен "Барселона" сезондон бир дагы кубок утпайт. Оюнчулар оюнду өзгөртпөсө, мындай нерсе кайталана берет", - деп билдирген.

Маалыматка ылайык, Луис Мирамонтес Суарес 1954-1961-жылдары "Барселона" клубунда ойноп кеткен. Бул клубда жалпы 122 оюнда 61 гол киргизген. 1960-жылы Луис Мирамонтес Суарес алтын топту утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azizbek_Musabekovich
2020-02-17 11:47:58
туура, менин оюмча Президентин алмаштырып, барсанын идеологиясына келиш керек
0
murat17
2020-02-17 14:20:36
Барса аябай слабыйлашып кетти Наполиден эптеп отот анткени Наполи дагы оз оюнун таба албай жатат бирок Наполиден кийин Барсаны ПСЖ Бавария Ювентус кутуп турат булар Барсаны айрып койот
+2
Center
2020-02-17 17:40:15
murat17, Барса кризисте, реал формасына келди дейсиңер, бирок арасында бир очко бар))).
Барса ойноо стилин өзгөртпөсө болбойт, бул оюну менен быйыл сухой калатко.
-2
cholpon119966
2020-02-18 18:19:49
Суарестин орду ппц билинип атат, реализация жок, Фати физически слабый болуп атат.. Ошентсе да мен ишенем жана колдойм. Виска эль Барса!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан