Баскетбол жылдызы Коби Брайант менен коштошуу аземине катталгандар бир күндө 90 миңден ашты

Америкалык баскетбол жылдызы Коби Брайант менен коштошуу аземине катышууну каалагандардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Бул коштошуу аземи 24-фералда Коби Брайант ойногон "Лос-Анжелес Лейкрс" баскетбол клубунун аренасында өтөт. Бул арена 20 миң кишиге ылайыкташкан болсо, аземге катышкысы келгендердин саны бир күндө 90 миң кишиден ашкан. Аземге катышкысы келгендер 224 жана 24 доллардан сатылган эки билет менен киргизилет. Бул аземден түшкөн каражат Коби Брайант жана аны менен чогуу каза болгон кызы Жианнанын жаркын элесине арналып уюштурулган жаштар спортун өнүктүрүүгө жумшалат.

Маалыматка ылайык, 26-январь күнү баскетбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири Коби Брайант тик учак кырсыгынан каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asdef
2020-02-17 15:13:45
Канча кундон бери комо элекпи?
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан