ЭЛДИК КАБАР: "Ак-Тилек конушунда баткактан улам унаалар тыгылып, балдар бала бакчага чыга албай жатышат" дейт окурман

"Элдик кабар" бөлүмүнө Бишкек шаарындагы Ак-Тилек жаңы конушунун тургуну көчөлөрдүн абалына нааразы болуп кайрылды.

"Биздин Ак-Тилек жаңы конушунун 2 көчөсүн декабрь айында шаардык канализацияга кошобуз деп казышкан. Көчөнү казып коюп көпкө жабылбай, жашоочулар арызданып жатып араң жаптырганбыз. Эми болсо ошол казылган жерлер баткак болуп, тайгаланып же жөө баса албай же автоунаа менен кире албай айлабыз кетип жатат. Кудайдын куттуу күнү тайгалак, эзилген баткак жол менен жумушка барабыз. Кышында унаа менен эптеп чыгууга мүмкүн эле. Азыр күн жылып калганда жөө да бара албайсың, ылай баскан сайын чачырап, кийимди да жарактан чыгарат. Унаа менен чыксаң сөзсүз бир жерде тыгылып, ошол боюнча калат же башкаларды жардамга чакырып жатып чыгарабыз. Кичинекей балдарыбызды көчөнүн айынан бала бакчага алып бара албай калдык. Келип көрүп кеткиле, ишенбесеңер. Күнүнө жок дегенде 2-3 унаа тыгылып жаткан болот", - дейт нааразы болгон окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ак-Тилек жаңы конушунун көчөлөрүндө абал мышык ыйлагыдай
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Islambek123
2020-02-17 13:08:45
Шайлоодо шагыл токтуруп аласынар,башка айла жок.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан