Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов олимпиадага даярдалуучу форманы эмне үчүн кытай компаниясы даярдап берерин айтты

Бүгүн, 17-февралда Улуттук Олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов эмне себептен "Токио 2020" олимпиадасына кытайлык компанияны тандалгандыгы боюнча маалымат берди.

"2016-жылдан кийин биз өзүбүздүн демөөрчүлүк программабызды ачык деп жарыялаганбыз. Бизге кытай компаниясынан сунуш келип түшкөн. Биздин талабыбыз боюнча олимпиада оюндарына демөөрчү болуп беребиз деген компаниялар алгач Азия оюндарына бекер форма даярдап бериши керек. Андан кийин жаштар арасында өткөрүлгөн олимпиадага бекер форма тигип берет. Бул эки баскычтан ийгиликтүү өткөн компания жайкы олимпиада оюндарына форма даярдап бергенге укук алат. Биз Кытайдын "Tectop" компаниясы менен келишим түзгөнбүз. Бул компания 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарына 250 комплект жана Буэнос-Айресте өткөн Жаштар олимпиадасына 50 комплект даярдап беришкен. "Токио 2020" олимпиадасына да бул компания даярдап берет. Азыркы учурда формалардын дизайны даярдалып жатат", - деп билдирди ал.

Маалыматка ылайык, Улуттук Олимпиадалык Комитет спорттук форманы гана даярдамакчы. Ал эми параддык форма Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жоопкерчилигинде. Ошондой эле буга чейин бул форманы даярдоого 5 миллион сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-02-17 19:19:52
Беш миллион эмне деген акча шапкесин баса кийип жүргөндөргө, уялбайбы ошолор кайырчыдай кылбай!
+2
Mister-X
2020-02-17 20:21:31
Ошол акчаны мага бергилечи.Ар бир оюнчуга учтон форма тиктирип берейин.Дизайнды да эн мыкты жасап бере алам.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан