Жети-Өгүздө 15 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы кичи автобустун жогорку ылдамдыкта бара жатканынан келип чыкканы белгилүү болду

Жети-Өгүздө 15 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы кичи автобустун жогорку ылдамдыкта бара жатканынан келип чыкканы белгилүү болду. Ысык-Көл ОИИБи окуяга тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы чыкканын айтты. “Негизинен, унаа 16 орундуктуу экен, бирок кырсык болгондо анын ичинде 22 киши болгон. Ал эми айдоочу мас абалында болгон эмес, ошондой эле ден соолугу жайында болчу”,- деп билдиришти ОИИБиден. Эске сала кетсек, 23-июлда Ысык-Көлдүн Кытай айылында жүргүнчү ташып бара жаткан кичи автобус кырсыкка учураган. Кырсыктын кесепетинен 15 киши каза болгон.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
omurbek9393
2013-08-22 21:34:15
Абайлаш керек да биздеги Ош-Бишкек айдоочулары жолдо баратып жайыраак эле айдагылачы сураныч!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан