Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун байкоочу кеңешинин төрагасы Кайрат Боранбаев Гүлжигит Алыкулов тууралуу оюн айтты.
"Алыкулов 20 жашка дагы чыга элек. Биз акыркы эки жылда ага байкоо салып жүрдүк. Ал ар бир оюнда ага бир нерсе жетишпегендей ойнойт, бул абдан жакшы көрүнүш. Мени уккулачы, ал 20 жашында мыкты командада, тагыраагы "Кайрат" клубунда ойноп жатат. Мен ойлойм ал бизден дагы мыкты деңгээлде өсөт жана ийгиликтүү футболчу болот", - деп билдирген ал.
Маалыматка ылайык, Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубуна ушул жылдын январь айында кошулган.