Алматыда 4 баланын энеси, 36 жаштагы Жамиля Жылкайдарова аттуу аял липосакция операциясын жасатуу учурунда көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, учурда укук коргоо органдары келиндин өлүмү боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болду дешип, операция жасаган дарыгерлерди жоопко тартууну талап кылышууда. Жамиля Жылкайдарованын каза болгонун хирургдар ал клиникага келген күндүн эртеси таңда айтышкан.
"Биз клиникага барганда анын өлүмү тууралуу эч ким толук маалымат берген жок. Операция үчүн керек болгон жабдыктарды жашырышып, Жамилянын кантип каза болгонун билгендердин баары кетип калышыптыр. Болгону анын кан басымы түшүп кеткенин айтышты", - деген келиндин жакындарынын бири. Ошондой эле ал Жамиля Жылкайдарова липосакция үчүн 3 миллион теңге төлөгөнүн, бирок клиника акчаны кайтарбаганын кошумчалаган.
Ал эми жакын курбусу Айгерим Кулболдинова: "Жамиля липосакция жасатууну көптөн бери эле пландап жүргөн. Мындай операция Москвада аябай өнүккөн, негизи Москвадан жасатам дечү. Балдарды төрөп, башка төрөбөй турган болгондо операцияга барам деп, төртүнчү баласын төрөгөндөн кийин жасатайын деди. Бул клиниканы интернет аркылуу тапкан болчу. Бардык эле аялдар сулуу болууну каалайбыз, ал деле күйөөсү үчүн, өзү үчүн идеалдуу болууну каалаган болчу", - деген.
Клиника учурда жабылган, дарыгерлер сурак берип жатышканы жазылат маалыматта.
Алматы шаардык полициясынын өкүлү Жылкайдарова дарыгерлердин катачылыгынын улам каза болушу мүмкүн деген версияны айткан.
"Алдын ала айтылган версия боюнча, кардар дарыгерлер ишин жакшы билбегендигинен, эпсиз кыймыл аракетинен улам каза болушу мүмкүн. Буга күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышат. Медициналык мекеменин мыйзамдуу иштешин, мындай түрдөгү кызматтарды көрсөтүүгө уруксаты болгонбу, баары текшерилүүдө", - деген полиция өкүлү.
Алдыңкы 3 апта ичинде келиндин өлүмүнүн себеби аныкталышы керек экендиги, ага дарыгерлер күнөөлүү болгону далилденсе беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүндүгү белгиленет маалыматта.
Липосакция - хирургиялык жол менен денедеги май катмарларын алган косметикалык же бариатрикалык операция. Бул операция дененин бир бөлүгүнө, көбүнчө курсакка, санга, жамбашка жасалат.