Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионду оңдоого жергиликтүү бюджеттен быйыл 100 миң сом бөлүндү. Маалыматты аталган стадиондун директору Нурдин Сматов билдирди. Эскерте кетсек, стадион 1965-жылы курулуп, 1999-жылы шаардын 3000 жылдык мааракесине карата оңдоодон өткөн. Андан кийин 2010-жылы трибуналар, кийим алмаштырчу жайлар жана стадион карамагындагы мейманканалар оңдоодон өткөн.