Түркмөнстанда мугалимдер жашыл түстөгү калемсап колдонууга милдеттендирилди

Түркмөнстанда мектеп мугалимдерине жашыл түстөгү калемсап жана блокнот колдонуу талабы коюлду. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазышат.

"Бир катар мектептердин мугалимдеринен түркмөн шырдагынын оймо-чиймеси түшүрүлгөн жашыл түстөгү беш калемсап жана блокнот сатып алуу милдеттендирилип жатат. Мындай калемсаптардын ар бири 45 манаттан (болжол менен 1848 сом), блокноттор 50 манаттан (2054 сом) сатылат. Өткөн аптада жергиликтүү телеканалдар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун парламент депутаттары менен болгон жолугушуусун көрсөтүшкөн. Видеодон залда отурган аткаминерлердин жашыл түстөгү калемсап менен жашыл блокнотторго жазып отурушканын байкоого болот", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, буга чейин Түркмөнстанда эркек мугалимдер окшош такыя, аялдар улуттук көйнөктөрдү кийип жүрүүгө милдеттендирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Orozbaii
2020-02-19 11:59:42
Окшош ич кийимда кийгиз эми, ошол эле калды!!!
+9
Belek1710
2020-02-19 12:06:34
Orozbaii,Ич кийими окшош))
-1
satyke
2020-02-19 13:02:10
Orozbaii,Туркмондордун улуттук оймо чиймелери тушурулгон жашыл тустогу.
0
urmat94
2020-02-19 12:31:26
Кантип чыдап жашап атышат деймда эли революция кылыш керек а то бул олгондон кийин деле ушундай кылат башкасы
+6
al-abu-kinesz
2020-02-20 00:43:07
urmat94, Булар туркмон да Кыргыз эмес!
-1
Begimkyz
2020-02-19 15:25:08
Алган айлыктары канча экен мугалимдердин?
+3
Adil18
2020-02-19 15:32:11
Айлыгы канча болду экен.
Милдеттендиргенине караганда айлыкты 1300$дан берип жатат окшойт.
-2
ika8086
2020-02-19 18:51:08
Бул дагы бир чиновниктин сунушуго дейм.5 блокнот алгыча 1мешок ун алып 5жума жыргап жешсе эмне?Байкуш мугалимдерге кыйын.
+2
katerina.li
2020-02-19 21:00:51
Не болгон блокноттор анча кымбат,ручкасы да олло кымбатко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан