Футбол боюнча Европадагы эң ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын алгачкы оюндары орун алат. Оюндар 19-февралга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.
Оюндардын тизмеси: "Атлетико Мадрид" (Испания) - "Ливерпуль" (Англия), "Ванда Метрополитано" стадиону (Мадрид шаары, Испания). Башкы калыс: Шимон Марциняк (Польша).
"Боруссия Дортмунд" (Германия) - "ПСЖ" ( Франция), "Сигнал Идуна Парк" стадиону ( Дортмунд шаары, Германия) Башкы калыс: Антонио Матеу Лаос (Испания).