Бишкек шаарында биринчи жолу 3-5-март күндөрү хоккей боюнча төртүнчү дивизионунун Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымат таратты.
Бул чемпиондукка Кувейт, Малайзия, Филиппин жана Кыргыз өлкөсү катышат. Командалар алган упайларына жараша орун алып, үчүнчү дивизиондогу Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат. Кыргыз өлкөсүн бул турнирге даярдоо максатында атайын Орусиядан машыктыруучулар келген. Турнир шаардык муз аянтчасында өтөт.
Оюндардын жүгүртмөсү:
3-март (Шейшемби):
17:00 Малайзия - Кувейт
19:30 Турнирдин ачылыш аземи
20:00 Кыргыз өлкөсү - Филиппин
4-март (Шаршемби):
17:00 Филиппин - Кувейт
20:00 Кыргыз өлкөсү - Малайзия
5-март (Бейшемби):
15:00 Филиппин - Малайзия
18:00 Кыргыз өлкөсү - Кувейт