Лондондо катуу шамалдан улам учак абада бир нече убакыт калкып, араң конгон

15-февраль күнү Абу-Дабиден келе жаткан Airbus A380 учагы Лондондо болуп жаткан "Деннис" катуу шамалынын айынан Хитроу аэропортуна коно албай, бир нече убакыт абада калкып турган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

550 кишилик жана 394 тонналык жүккө ылайыкташкан дүйнөдөгү ири учак Airbus A380 Хитроу аэропортунун учуп-конуучу тилкесинде катуу шамалдан улам бир нече секунд калкып, капталдап барып конгон. Катуу шамалдын ылдамдыгы ошол учурда саатына 140 чакырымга чейин жетип турган. Бактыга жараша, окуядан эч ким жаракат алган эмес.

15-16-февраль күндөрү Улуу Британияда катуу шамал болду. Шамалдын кесепетинин 100гө жакын авиа, темир жол менен каттаган каттамдар токтотулган. Кырсык 4 кишинин өмүрүн алган.

Улуу Британияда катуу шамалдан улам учак араң конду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talaa11
2020-02-19 10:21:44
Он кун мурун Ютуптан кордум эле чыкканына коп болдуго бул
0
Эльвира Караева
2020-02-19 10:48:54
talaa11, кандайча 10 күн мурда көргөн болосуз? эгерде, бул окуя 15-февралда болуп жатса...
-1
Aikaaaa
2020-02-19 12:48:34
talaa11,ал башка видео болсо керек, мен да көргөм
+1
talaa11
2020-02-19 13:22:23
Ютуптан карагыла ишенбесенер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан