Өлкөдө педагогика тармагында билим алган студенттердин стипендиясы эки эсеге көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында билдирди.
“Университет жана колледждердин педагогика багытында билим алган студенттер ушул семестрден баштап 1 600 сом өлчөмүндөгү стипендия алат. Эске сала кетсек, мурда стипендиянын көлөмү 800 сом болгон”, - дейт ал.
Жыйында мындай чечим мугалимдердин статусун жогорулатуу үчүн кабыл алынганы кошумчаланды.