Кечээ, 17-февралда Түркияда окуу-машыгуу жыйынында жүргөн казакстандык "Кайрат" клубу Орусиянын Жогорку Лигасында ойногон "Зенит" командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Беттештен кийин "Кайрат" клубунун басма сөз кызматы Орусиянын мыкты футболчуларынын бири Андрей Аршавин менен маек курган. Аршавин маек берип жатып, жаш футболчу Гүлжигит Алыкулов тууралуу оюн айта кеткен.
"Алмашууга чыккан кичинекей кыргыз жигит активдүү жана көзгө толумдуу оюн көрсөттү", - деп билдирген футболчу
Беттеш 1:3 эсебине орусиялыктардын жеңиши менен аяктады. Алыкулов оюндун экинчи бөлүгүнүн 59-мүнөтүндө алмашууга чыккан.