Мамлекеттик каттоо кызматы Ош, Токмок жана Каракол шаарларынын паспорт жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн жетекчилерин убактылуу кызматтан четтетти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда кызматкерлерге кызматтык териштирүү жүрүп жатат.
"Ошто 2020-жылдын январь-февраль айында 35 миң 895 адам каттоого турган. Бул көрсөткүч 2019-жылдын ноябрь айында 3079 адамды түзгөн. Ал эми Токмок шаарында январь-февраль айында 6745 жаран каттоодон өтсө, 2019-жылдын ноябрь-декабрь айында 715 адам болгон. Каракол шаарында 2020-жылдын башында 3159 адам каттого турса, 2019-жылдын ноябрь айында 345 адам каттоого турган. Тактап айтканда ушул шаарларда бир турак үйгө көп адамдар каттоого турганы аныкталган", - деди басма сөз кызматынан.