Бельгияда адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдар табылды

Бельгиянын Гент шаарында археологдор адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдарды табышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Археологдор Ыйык Бавон чиркөөсүнө археологиялык казуу жүргүзгөндө, адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдарды табышкан. Дубалдар негизинен чоң кишинин бутунун сөөктөрүнөн тургузулуп, ортодогу мейкиндик баш сөөктөр менен толтурулган. Археологдор мындай дубалдар XVII-XVIII кылымда тургузулган деп божомолдошууда. Окумуштуулардын айтымында, чиркөөдөгү көрүстөнгө жаңы сөөктөрдү көмүү үчүн эскилерин тазалашкан. Яниек де Гризе аттуу окумуштуу мүрзөнү тазалаганда сөөктөрдү жөнү жок ыргыта алышпай, атайын скелет сактоочу жай кылышкан деген. "Мындай табылга Бельгия үчүн абдан баалуу" деген археологиялык топтун өкүлү Рубен Виллаэрт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Benazir08
2020-02-19 09:56:30
Шумдук го соок эчтеке бообойт экен да
+1
Aituwas
2020-02-19 16:47:33
Денем дуркуроп кетти го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан