АФК Кубогу-2020: "Нефтчи" 1:0 эсеби менен жеңишке жетти (хронология)

Бүгүн, 19-февралда "Нефтчи" командасы АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунун плей-офф баскычына чыгуу үчүн тажикстандык "Худжанд" командасы менен кез келди. Бул оюн Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда өттү.

Бул эки команданын жооптук беттеши 26-февралда Душанбе шаарынын борбордук стадионунда өтөт.

2020-02-19 15:50:00

Оюн аягына чыкты. "Нефтчи" командасы өз үйүндө 1:0 эсеби менен жеңишке жетти.

2020-02-19 15:49:00

"Худжанд" командасы бурчтан чыгарып берүүсү ийгиликтүү боло алган жок.

2020-02-19 15:47:00

Негизги убакыт бүттү, калыс оюнга 3 мүнөт кошумча убакыт берди.

2020-02-19 15:46:00

"Нефтчи" командасында алмашуу. Элдар Молдожунусовдун ордуна Умудилло Иминов оюн талаасына чыкты.

2020-02-19 15:44:00

"Худжанд" командасында алмашуу. Бахтиёр Чориевдин ордуна Мирзонажодд Камрон оюн талаасына кирди.

2020-02-19 15:43:00

Бурчтан чыгарып берүү орун алганы турат, топ "Нефтчи" командасында.

2020-02-19 15:41:00

Стадионго 1 миң 100 көрүүчү келгени айтылды.

2020-02-19 15:39:00

"Нефтчи" кооптуу чабуул уюштурду, топ дарбаза мамысына тийип кайтты.  

2020-02-19 15:37:00

Топ оюн талаасынын борбордук бөлүгүндө кармалууда.

2020-02-19 15:36:00

Александр Игнатенконун алыстан узатылган соккусун "Худжанд" командасынын дарбазачысы тосуп кетти.

2020-02-19 15:35:00

"Нефтчи" командасында алмашуу. Арген Жуматаевдин ордуна Аброр Кыдыралиев оюн талаасына чыкты.

2020-02-19 15:32:00

Элдар Молдожунусовдун тепкен тобун "Худжанд" командасынын дарбазачысы тосту.

2020-02-19 15:30:00

"Нефтчи" командасы арты-артынан чабуулдарды уюштурууда.

2020-02-19 15:27:00

"Нефтчи" командасы топко көбүрөөк ээлик кылууда.

2020-02-19 15:25:00

Оюн жанданып эки команда тең чабуулдарды уюштуруп жатышат.

2020-02-19 15:23:00

Гоооол!  "Нефтчинин" жарым коргоочусу Александр Игнатенко бурчтан чыгарып берген топту дарбазага таамай багыттады. Эсеп 1:0. "Нефтчи" командасы алдыга чыкты.

2020-02-19 15:22:00

Бурчтан чыгарып берүү орун алат топ "Нефтчи командасында.

2020-02-19 15:19:00

"Нефтчи" командасы коргонуу бөлүгүндө мыкты оюн көргөзүп жатышат.

2020-02-19 15:15:00

"Худжанд" командасы өздөрүнүн жарым талаасында топко ээлик кылууда.

2020-02-19 15:10:00

Эльдар Молдожунусовдун оң канаттан кирип барып узаткан соккусун "Худжанд" командасынын дарбазачысы оңой эле тосуп алды.

2020-02-19 15:06:00

Оюндун экинчи бөлүгү башталды. Топту "Худжанд" командасы оюнга кошту.

2020-02-19 14:47:00

Калыс ышкырыгын жаңыртты. Биринчи бөлүк аяктады. Командалар 15 мүнөттүк тыныгууга кетишти.

2020-02-19 14:46:00

Негизги убакыт соңуна чыгып, калыс кошумча 1 мүнөт убакыт кошуп берди

2020-02-19 14:45:00

Дарбаза сызыгынын ичинде "Худжанд" командасынын оюнчусу Сиродж Хамроевге каршы оюн эрежеси бузулду.

2020-02-19 14:37:00

"Худжанд" командасы топко ээлик кылууда.

2020-02-19 14:34:00

 "Худжанд" командасынын чабуулчусу Андрей Сидоров башы менен сокку узатты. Бул соккуну дарбазачы Михаил Паюш оңой эле тосуп алды.

2020-02-19 14:30:00

Топ талаанын борбордук бөлүгүндө кармалууда.

2020-02-19 14:27:00

"Худжанд" командасы каршы чабуулга чыкты. Чабуулчу Дилшод Бозоровдун көтөрүп берген тобуна "Нефтчи" командасынын коргоочулары биринчи болуп жетишти.

2020-02-19 14:23:00

"Худжанд" командасынын оюнчусу Манучехр  Сафаровго каршы оюн эрежеси бузулду.

2020-02-19 14:20:00

"Нефтчи" командасы арты артынан чабуул уюштурууда

2020-02-19 14:17:00

"Нефтчи" командасынын оюнчусу Арген Жуматаевге каршы оюн эрежеси бузулду.

2020-02-19 14:13:00

Александр Игнатенконун бурчтан чыгарып берүүсүн "Худжанд" командасынын коргоочулары алыстатты.

2020-02-19 14:12:00

Бурчтан чыгарып берүү орун алат. Топто "Нефтчи" командасы.

2020-02-19 14:09:00

73-катар санындагы "Худжанд" командасынын коргоочусу Алишер Баротовдун көтөрүп берген тобун дарбазачы Михаил Паюш оңой эле тосуп алды.

2020-02-19 14:07:00

Стандарттык абал орун алды. Топто "Худжанд" командасы.

2020-02-19 14:04:00

Эки команда тең топко бирдей ээлик кылууда.

2020-02-19 14:00:00

Топту Нефтчи командасы оюнга кошот.

2020-02-19 14:00:00

Калыс ышкырыгын жаңыртты. Топ "Нефтчи" командасында. 

2020-02-19 13:59:00

Эки команда оюн талаасына чыгышты.

2020-02-19 13:58:00

"Нефтчи" командасы көк, "Худжанд" командасы кызыл түстө ойнойт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2020-02-19 11:58:18
Жигиттер ийгилик каалайм
+4
keba300989
2020-02-19 15:51:31
Маладес Уттук
+3
zevs
2020-02-19 16:11:20
Мен барганда 1101 болмок екенда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан