Украинада Володимир Зеленский, актёрлор Стивен Сигал менен Жерар Депардьенин катышуусундагы тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салды

Украинада улуттук коопсуздук үчүн Володимир Зеленский катышкан тасманы көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Анда Украинанын кино боюнча мамлекеттик агенттиги 2019-жылы беш фильмди (алардын ичинде экөө орусиялык) көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салган.

"Бул тизмеде "Сегиз жаңы жолугушуу" тасмасы бар. Башкы ролду Украинанын азыркы президенти Володимир Зеленский ойногон. Фильмди орус-украин кино чеберлери биргелешип тарткан. Тасмада роль жараткан актриса Екатерина Варнава аннексияланган Крымга баргандан кийин Украинанын коопсуздук кызматы аны улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан кишилердин тизмесине киргизген. Мындан тышкары агенттик америкалык актёр Стивен Сигалдын катышуусундагы "Мачете" Жерар Депардьенин катышуусундагы "Тимпельбахтык ашынган тентектер" тасмаларын да көрсөтүүгө тыюу салды. Бул актёрлор дагы Украинанын коопсуздугуна коркунуч жараткан кишилердин тизмесинде", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары 2017-жылы кино боюнча мамлекеттик агенттик Украина аймагында Володимир Зеленский катышкан "Кудалар" тасмасын да көрсөтүүгө тыюу салган. Бул чечимге сериалга Украина маданият министрлигинин кара тизмесиндеги орусиялык актёр Федор Добронравовдун тартылганы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TIMON_BERKOWITZ
2020-02-19 21:56:56
Көрүш керек экен ушул кинолорду.
+4
mamatkerim1968
2020-02-19 23:01:13
TIMON_BERKOWITZ,чындап эле, мен да корбогон экем.
+2
abusait
2020-02-20 13:56:49
Президенттин чын аты Володимир бекен ?
+1
aslan_akjol89
2020-02-22 01:21:31
[moderated],соц.сеттерден да коро албайбы ошондо?Ошондо бизге хохолдордун кандай кино корот же корбойт экендигинин эмне зарылчылыгы бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан